USD87.45EUR97.87RUB1.02
24.kg

Шайлоочулардын 6,2 пайызы добуш берди

12:11, 15 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Саат 11.30га карай шайлоочулардын 6,2 пайызы добуш берди. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы шайлоочулардын 7,3 пайызы, Ошто 10,8 пайызы добуш берүүгө катышты. 

Чүй облусунун тургундары шайлоо тилкелерине аз келишүүдө. Бул аймакта добуш берүүгө укуктуулардын 2,5 пайызы гана добуш берүүгө катышты. Ысык-Көлдө шайлоочулардын -6,3 пайызы, Нарында -6,2 пайызы, Таласта - 7,4 пайызы, Ош жана Жалал-Абад облустарында - 6,8 пайызы, Баткенде - 7 пайызы шайлоого катышты. 

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика