Белгисиз кишилер шайлоого барбаган жарандардын тизмесин топтоодо

11:57, 15 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Белгисиз кишилер шайлоого барбаган жарандардын тизмесин топтоодо. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Лебединовка айылынын тургуну билдирди.

Алардын айтымында, бир нече аялдар үйлөрдү кыдырып, шайлоого баруудан баш тарткан жарандардын аты-жөнүн жазып алып жатышат.

Бүгүн президентти шайлоо өтүп жатат. Ага 11 талапкер ат салышууда.