10:31, 15 октября 2017, Бишкек - 24.kg
«Жымжырттык күнү» үгүт жүргүзгөн талапкер жазаланат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, «жымжырттык күнү» үгүт жүргүзүүгө тыюу салынган.
«Эгер андай мыйзам бузуу такталса, талапкер жазаланат», — деди Абдыжапар Бекматов.
Эскерте кетсек, кечээ «Россия» кинотеатрында «Салют-7» тасмасын көрсөтүү алдында Сооронбай Жээнбековго үгүттөгөн тасма көрсөтүлгөн.