11:39, 12 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Темирлан Сманбеков Нарын облустук академиялык драма театрынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.
Эскерте кетсек, Темирлан Сманбеков 31-марта Кыргыз драма театрынын жетекчилигинен кызматынан өз арызынын негизинде кеткен. Анын айтымында, аны арыз жазууга мажбурлашкан.