Бүгүн Райкан Төлөгөновдун соту улантылат

10:45, 12 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Райкан Төлөгөновдун соту улантылат. Сотто күбөлөрдү суроо аяктап, айыпталуучу көрсөтмө берип жатат.

Кечээ Райкан Төлөгөновдун абалы начарлап, сурак токтотулган. 

Соттолучу 7-апрелде иштин материалында көрсөтүлгөн даректин экөөндө гана болгондугун билдирди. Анын айтымында, ал Панфилов көчөсүндөгү үйдө жана Москва көчөсүндөгү Искендер Бакиевдин кеңсесинде болгон. 

Райкан Төлөгөновго 2010-жылдын 7-апрелиндеги талап-тоноону уюштурган айыбы менен иш козголгон. Алгач 2012-жылы парламенттин «Ата-Мекен» фракциясынын төрт депутаттына (Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Райкан Төлөгөнов, Туратбек Мадылбеков) каршы айыптоолор айтылып, «мародерлук» иши боюнча иш козгоо сунушталган. Депутаттык комиссиянын бүтүмүнө карабай, иш 2012-жылы парламенттин төрт депутатына карата токтотулган. 2017-жылдын март айында Райкан Төлөгөнов кармалат.