Нарында жол кырсыгында айдоочу набыт болду

09:47, 12 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсыгында айдоочу набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин маалымат кызматы билдирет.

Алардын маалыматында, Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 375-чакырымында «Мерседес Спринтер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.