Жалал-Абадда шайлоочуларга ун таркатылууда

11:53, 11 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ

Жалал-Абадда шайлоочуларга ун таркатылууда. Бул тууралуу «24.kg»  агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Алардын айтымында, Сузай районунда жергиликтүү тургундар добуш сатып алуу аракети боюнча кайрылышкан. Район тургундары президентикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүтчүлөрү үйлөрүнө ун таркатып, добуш берүүнү суранып жаткандыгын айтышкан. 

Унду алар укук коргоо органдарына кайтарып беришти.