Улан Жумаков: Канатбек Исаевге арыз жазган киши кылмыштуу топтун мүчөсү

10:56, 11 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге каршы арыз жазган киши кылмыштуу топтун мүчөсү. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Улан Жумаков билдирди.

Анын айтымында, Арсен Курманалиев — кылмыштуу топтун мүчөсү.

Эскерте кетсек, Канат Исаев 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштырууга даярдануу айыбы менен кармалган. Анын бул боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү жана акча берип жатканы видео тасмага тартылган.