06:07
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сот Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыратты

Ленин райондук соту Аида Саляновага өкүмүн угузду. Жогорку Кеңештин депутаты беш жылга эркинен ажыратылды. Соттун чечиминде анын үй-мүлкүн конфискациялоо дагы айтылат.

Депутаттын жаза өтөө мөөнөтү кичинекей кызы 14 жашка чыкканда башталат. Салянованын кызы азыр 2 жашта.

Эскерте кетсек, мурдакы Башкы прокурор Юстиция министрлигин жетектеген кезде юрист Алексей Елисеевдин жактоочулук лизенциясын мыйзамсыз түрдө узартып берген деп айыпталууда. Аида Салянованын билдирүүсүндө, жактоочулук лизенциясы Елисеевге кылмыш иши козголгонго чейин узартылган. Ал министр катары эч бир мыйзам бузбагандыгын айтып келет.

Прокурорлор Аида Салянованы 8 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эң көп окулган жаңылыктар