Өмүрбек Текебаев УКМКнын абагынан № 1 тергөө абагына которулду

14:21, 10 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын абагынан №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине «Ата Мекен» партиясынын юристти Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду № 27 абактын (айтылуу «кызыл зона») жетекчилиги кабыл алуудан баш тарткан. Жактоочулары парламент депутатын № 47 абакка которууну суранышат.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов жемкорлук беренеси менен айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылды.