11:49, 10 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анара МАМЫТОВА
Бүгүн мамлекеттик резиденцияда өкмөт portal.tazacoom.kg мамлекеттик кызматынын бет ачарын өткөрүүдө. Анда Чыңгыз жана Гүлзада үйлөнүү үчүн арызын электрондук тутум аркылуу беришти.
Премьер-министр Сапар Исаков жаштарды алдыдагы тою менен куттуктап, Гүлзадага гул сунду.
«Сиздер жаш, келечектүү үй-бүлөлөрдүн үлгүсүсүздөр», — деп Сапар Исаков алардын тоюна катышкысы келерин айтты. Түгөйлөр өкмөт башчысын дароо тойго чакырышты.
Мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы «Таза коом» программасынын алкагында ишке ашууда. Ал эки бөлүктөн турат. «Таза коом» биринчи бөлүгүндө мамлекеттик чыгымды азайтуу жана электрондук тутумду мамлекеттик түзүмгө киргизүү каралат. Экинчисинде — баардык тейлөө кызматы электрондоштурулат.