Темир Жумакадыровдун сөөгү жерге берилди

10:36, 09 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Бишкектеги Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын алдында вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. 

Анда президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков сөз сүйлөштү. 

Президент маркум Темир Жумакадыровдун кесипкөйлүгүн белгилеп, аны келечеги кең саясатчы,  өкмөттү жана мамлекетти жетектөөгө татыктуу болгондугун айтты. 

Эскерте кетсек, 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгы катталган. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы көз жумду.

Темир Жумакадыров 38 жашта болчу. Анын артында үч кызы калды.