23:56
+16
USD 68.65
EUR 81.04
RUB 1.19
Кыргызча

Темир Жумакадыровдун сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү бүгүн жерге берилет. Анын акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында өтөт. Маркум «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюулат.
 
Темир Жумакадыров бара жаткан унаа 7-октябрда Бишкек-Кара-Балта жолунун 36-чакырымында жол кырсыгына кабылган. Вице-премьер-министр бара жаткан ууна КамАЗ менен сүзүшүп кеткен. Темир Жумакадыров менен бирге, анын айдоочусу жана жардамчысы набыт болду.
 
Жумакадыровдун артында үч кызы калды.
 
Эң көп окулган жаңылыктар