Бакыт Төрөбаев шайлоодон талапкерлигин алып салды

14:32, 06 октября 2017, Бишкек - 24.kg

«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев шайлоодон талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал Жалал-Абадда шаарында эл менен жолугушууда билдирген.

Партия лидеринин айтымында, ал Боршайкомго дагы арыз жолдогон. 

Бакыт Төрөбаев Өмүрбек Бабанов менен тандемде шайлоого катышууда. Өмүрбек Бабанов шайлоону утса, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери премьер-министрлик орунду ээлейт. 

Буга чейин Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып салган. Эми бул экөөнүн тең аты-жөнү добуш берүү бюллютенинен колдо чийилет.