Ысык-Көлдө бир короо кой өрттөндү

11:14, 06 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда короодон чыккан өрттөн 10 кой жана эки уй кырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылында түнкү саат 4.00гө жакын өрт чыгып, короодогу мал менен бирге, миң боо чөптү дагы күйгүзгөн. Өрт таңкы 8.40да гана өчүрүлгөн.