Эки алтын кени аукционго коюлду

09:05, 06 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Өнөр жай, энергетика, кен байлыктар боюнча боюнча мамлекеттик комитет аукцион жарыялады.

Сатыкка коюлган Ысык-Ата кенинин баасы 26 миң 160 долларга бааланды. Кен жайгашкан аянттын 60 пайызы муз менен капталган.

Дагы бир сатыкка чыгарылган Пытан-Донгур кени 65,5 миң долларга бааланды.

Аукцион 23-ноябрда 12.00дө Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик админитрациясында өтөт.