12:29, 05 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Кыргыз чеберлери биринчи жолу Париждеги көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кабарлайт.
Маалыматта 18-22-сентябрда Парижде өткөн Apparel Sourcing Paris көргөзмөсүнө Кыргызстандын жеңил өнөр жай өндүрүшүнүн өкүлдөрү катышкан. Көргөзмөдө 14 кыргызстандык тигүүчү ишканаларынын кийимдери коюлган. Алар 50дөй кардарлар менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышты.