Сирияда аскердик даярдыктан өткөн Жалал-Абаддын тургуну кармалды

11:32, 05 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Сирияда аскердик даярдыктан өткөн Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирет.

Алардын маалыматында, Жалал-Абад облусунун тургуну 2012-жылы Сириядагы террордук уюмдун катарына кошулуп, машыгуудан өтүп, өкмөттүк аскерлерге каршы куралдуу топ менен күрөшкөн.

Кыргызстанда кайтып келгенден кийин ал жетекчилеринен буйрук күтүп олтурган.

Ага карата Кылмыш кодексинин «Жалдануу» беренеси менен иш козголду.

Эскерте кетсек, УКМК эки кун мурун 20 жаштагы жигитти кармаган. Ал дагы Сирияда террордук уюмдун катарында машыгуудан өткөндүгү маалымдалат.