Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду

10:15, 05 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Жаза аткаруу кызматынын мурдакы төрагасы Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага БШК кечээ мандат тапшырды.

Ал БШКга «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Нургазы Нышановдун ордуна келди.

Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматынын төрагалыгынан абакта жаткан кримтөбөл Азиз Батукаев Россияга учуп кеткенден кийин отставкага кеткен.