10:15, 05 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Жаза аткаруу кызматынын мурдакы төрагасы Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин депутаты болду. Ага БШК кечээ мандат тапшырды.
Ал БШКга «Республика — Ата Журт» партиясынын тизмеси менен Нургазы Нышановдун ордуна келди.
Эскерте кетсек, Зарылбек Рысалиев Жаза аткаруу кызматынын төрагалыгынан абакта жаткан кримтөбөл Азиз Батукаев Россияга учуп кеткенден кийин отставкага кеткен.