Акыйкатчынын аппараты 1,5 миллион сомго автомобиль сатып алат

09:22, 05 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО

Акыйкатчынын аппараты 1,5 миллион сомго автомобиль сатып алат. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуу порталында маалымдалат. 

Унаа 2008-жылдан кийин чыккан олтургучтары жылытылып, урулбаган жана 180 миң километрден көп аралыкка жүрбөгөн болушу керек.