Жалал-Абадда аскер кызматкерлерине каршы жети кылмыш иши козголду

17:00, 04 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абадда аскер кызматкерлерине каршы жети кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы облустук аскер гарнизонун тергөөчүсү Султанбек Токтогуловго шилтеп маалымдайт.

Султанбек Токтогуловдун билдирүүсүндө, 2017-жылдын 9 айында облус аймагындагы аскердик бөлүктөр текшерилип, жыйынтыгында тогуз кишиге жети кылмыш иши козголду.

«Жемкорлук беренеси менен козголгон иштерден мамлекеттик зыян 522 миң 9 сомду түздү. Тергөө аяктап, иш сотко өттү» — дейт Султанбек Токтогулов.