Канат Исаевди колдоо комитети түзүлдү

12:42, 04 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Фото

Канат Исаевди колдоо комитети түзүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агентигиндеги маалымат жыйында маалым болду.

Коомдук коргоочулар Жогорку Кеңештин депутары Канат Исаев жалган жалаа менен кармалганынын айтышып, видеотасма кантип тартылганын иликтөө зарылдыгын белгилешти.

УКМКнын мурдакы жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Канатбек Исаевде төңкөрүш жасоо ою болгон эмес жана ал эч качан криминал менен байланышпаган.

Эскерте кетсек, Канат Исаев 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштырууга даярдануу айыбы менен кармалган. Анын бул боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү жана акча берип жатканы видео тасмага тартылган.