Анталияда тогуз кыргызстандык келин кармалды

12:18, 04 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия МОКРЕНКО

Түркиянын Анталия шаарынын полициясы сойкуларды кармады. Маалыматка караганда алардын тогузу кыргызстандык. Бул тууралуу россиялык ЖМК кабарлайт.

Анталия полициясы эки ай бою Муратпаша жана Коньяалты райондорунда чет элдик сойкуларды кармоо үчүн иш жүргүзгөн.

Фото

Бир нече үйлөрдү тинтүүдөн кийин Кыргызстандын тогуз, Россия, Молдовия жана Өзбекстандан бирден жаран кармалды.