15:38
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мас айдоочунун айынан Чүйдөгү жол кырсыгында эки киши мерт кетти

Бишкектин четиндеги айланма жолдогу жол кырсыгынын күнөөкөрү «Субару» автоуунасынын 23 жаштагы айдоочусу кармалды. Анын мас абалында болгондугу маалымдалат.

Чүй облустук жол кайгуул кызматынын билдирүүсүндө, 3-октябрда Hyundai Porter менен «Субару Универсал» кагышып кеткен.

Кырсык болгон жерде Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана беш жашар кызы набыт болду. Аялы оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. 

23 жашар айдоочуга кылмыш иши козголду. 

Эң көп окулган жаңылыктар