Башкы прокуратура Адил Турдукуловдун арызына жооп берди

11:12, 04 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Башкы прокуратура Адил Турдукуловдун арызынын негизинде кылмыш ишин козгобойт. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Сөз эркиндигин коргоо комитетинин төрагасы билдирди. 

Адил Турдукулов Башкы прокуратурага  үгүткө аралашкан вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге иш козгоо талабы менен кайрылган. Мыйзамды көзөмөлдөө органы Зилалиевдин маселесин Боршайком карап чыкканын айтып, иш козгоодон баш тарткан. 

Турдукулов Дүйшөнбек Зилалиев отставкага кетиши керек дейт.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.