Камалган депутат Канат Исаевдин агасы отставкага кетүүгө арыз жазды

09:43, 03 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Дарья ПОДОЛЬСКАЯ

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин агасы, Мамлекеттик кароол башкы башкармалыгынын жетекчиси Талант Исаев отставкага кетти. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мекемеден билдиришти.

Талант Исаев өз эрки менен моралдык-этикалык нормаларды эске алып, жумуштан бошотуу арызын жазган.

Эскерте кетсек, Канат Исаев 30-сентябрда массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштырууга даярдануу айыбы менен кармалган. Анын бул боюнча жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү жана акча берип жатканы видео тасмага тартылган.