Диний ишмерлерге дагы бир жолу үгүт иштерине аралашпоо эскертилди

09:03, 03 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Диний ишмерлерге дагы бир жолу үгүт иштерине аралашпоо эскертилди. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия маалымдайт.

Маалыматта, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан каары Камалуддин» медресенинин имамы Садыкжан Камалов президентикке талапкерлердин биринин шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда үгүттөө жүргүзгөн.

Комиссия «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 15-беренесине ылайык диний уюмдарга үгүттөөгө тыюу салынарын эскертет.

Эскерте кетсек, буга чейин Боршайком белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловго эскертүү берген. Ал Жалал-Абад облусунда президенттикке талапкердин жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөгөн.