09:03, 03 октября 2017, Бишкек - 24.kg
Диний ишмерлерге дагы бир жолу үгүт иштерине аралашпоо эскертилди. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия маалымдайт.
Маалыматта, Кара-Суу шаарындагы «Садыкжан каары Камалуддин» медресенинин имамы Садыкжан Камалов президентикке талапкерлердин биринин шайлоочулар менен жолугушуусу учурунда үгүттөө жүргүзгөн.
Комиссия «Шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 15-беренесине ылайык диний уюмдарга үгүттөөгө тыюу салынарын эскертет.
Эскерте кетсек, буга чейин Боршайком белгилүү диний аалым Чубак ажы Жалиловго эскертүү берген. Ал Жалал-Абад облусунда президенттикке талапкердин жолугушуусуна катышып, сөз сүйлөгөн.