Канат Исаев 30-ноябрга чейин камалды

08:49, 03 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Наргиза Токоева

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев 30-ноябрга чейин камалды. Бул тууралуу анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев билдирди. 

Эскерте кетсек, Канатбек Исаевдин баш коргоо чарасы кечээ аскердик сотто каралган. Парламенттин депутаты массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен алмаштыруу айыбы менен кармалган.