Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскердик базасы ачылышы ыктымал

17:15, 02 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда Россиянын дагы бир аскердик базасы ачылышы ыктымал. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков РИА-Новости агентигине берген интервьюда билдирди.

Ал россиялык журналистке дагы бир аскердик база боюнча келишим түзүү сунушу талкууланып жаткандыгын ырастады.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМК Россиянын экинчи аскердик базасы Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасына орнотуларын жарыялашкан.