Чыңгыз Айтматовдун медалын ыйгаруу сунушталууда

16:04, 02 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Чыңгыз Айтматов атындагы медаль ыйгаруу сунушталууда. Ал боюнча атайын мыйзам долбоор иштелип чыкты. Сыйлык илим, маданият, искусства жаатында мыкты ийгиликтерге жетишкендерге ыйгарылат.

Замандын залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылы дүйнө салды. 

2012-жылы 22-ноябрда Жогорку Кеңештин сунушу менен КМШ парламенттер аралык Ассамблеясы Чыңгыз Айтматовдун атындагы сыйлыкты ыйгарышкан. Ага татыгандар медаль менен бирге 30 миң доллар берилет.