02:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Нарында кургак учуктан көз жумгандарды жерге берүүдө талаш жаралууда

«Түшүнбөстүктөрдөн улам кургак учуктан көз жумгандарды жерге берүүдө тоскоолдуктар түзүлөт» -деп «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун адиси Дилшат Хаитов билдирди.

Анын айтымында, айрым бейтаптар диний ишениминен улам дарылануудан баш тартууда. Ал эми алардын коңшу жана туушан-тушкандарынын арасында кургак учукту жуктуруп алуудан коркуп, карым-катнашын үзгөндөр, жада калса сүйлөшүүдөн качкандар бар.

«Кургак учукту дарыласа болот. Эгер бейтап дары-дармек ичип баштаган болсо, ал айланасындагылар үчүн кооптуу эмес» — дейт ал.

Дилшат Хаитовдун билдирүүсүндө, Нарын облусунда кургак учуктан көз жумгандардын сөөгү жерге берүүдө келишпестиктер пайда болууда.

«Анткени мечит имамдары сөөк оролгон капты ачууга уруксат беришкен эмес. Туугандары сөөктү диний жөрөлгө менен жууп тазалай алышкан эмес. Өлгөн кишиден коркуу туура эмес. Ал жөтөлбөгө, дем албагандан кийин кургак учук жукпайт» — деди ал.

Мындай келишпестиктерди жоюу үчүн Нарын облусунун мечит имамдары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 

Эң көп окулган жаңылыктар