Бишкекте «Тез жардам» кызматы жол кырсыгына кабылды

12:28, 02 октября 2017, Бишкек - 24.kg

Бишкекте «Тез жардам» кызматы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жол кайгуул кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, бүгүн эртең менен «103» кызматынын айдоочусу Чүй жана Ибраимова көчөлөрүнүн кесилишинде светофорго токтогондо анын артынан жеңил ууна келип сүзүп алган.

Эч ким жабыркаган эмес.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда дагы «Тез жардам» жол кырсыгына кабылып, беш киши жабыркаган.