Төңкөрүш жасоого айыпталып жаткан Канатбек Исаев УКМКнын абагында кармалууда. Ал жекшемби күнү кармалды. Ага чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутатына каршы 27 (кылмышка даярдантуу), 233 (массалык башаламандык) жана 295 (бийликти күч менен басып алуу) беренелери менен иш козгогон.
Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө, Канатбек Исаев Өмүрбек Бабановдун колдоочусу катары массалык башаламандык жасоого даярдык жүргүзгөн.
Маалыматка караганда, алар көздөгөн талапкер шайлоодон өтпөй калса, 15-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн массалык башаламандык уюштурууну көздөшкөн. Депутат бул ишке тарткан кишилерге элдерди топтоо тапшырмасы берилген.
Интернетте Канатбек Исаевдин белгисиз жарандарга акча берип жаткан видеосу таркаган.
Бул боюнча президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов билдирүү жасап, тараптанынын кармалышын чагымчылдык катары баалады.
Канатбек Исаев соттун чечими менен 48 саатка камалды.