13:00, 01 октября 2017, Бишкек - 24.kg , Суйунбек ШАМШИЕВ
Испания жараны Рикард Томас акыркы эки жылдан бери Кыргызстанда жашап, туристтик бизнес менен алектенет. Бул арада ал өлкөнүн булуң бурчун кыдырып чыкты.
— Кыргызстан жөнүндө биринчи жолу качан уктуңуз эле?
— Кыргызстан жөнүндө төрт жыл мурда Кытайда жашаган кезимде угуп калдым. Мен Кытадай 23 жыл жашадым. Шанхайдан тажап, Гонконго көчөйүн деп турганмын. Анын алдында Кытайдан Лиссабонго чейин мотоциклде саякаттагым келди. Анан Кыргызстан аркылуу өтүп калдым. Биринчи эле бул өлкөнү көргөндө тоолорго, элдерге баа берип, буга чейин бул мамлекетке келбегендигиме таң калдым.
Андан ары Өзбекстан, Казактан, Россия, Грузия жана Түркия аркылуу өттүм. Бирок, Кыргызстан эсимде жакшы сакталып калыптыр, кайра кайтып баруу тууралуу ой эч башымдан кетпей койду.
Лиссабонго жеткенден кийин мотоциклды кайра буруп, Бишкекке жөнөдүм. Бишкекти караштырым көрүп, Гонконгго барбай эле ушул жерде калуу чечимин кабыл алдым.
— Туризм тармагына кийлигиштиңизби?
—Ооба, туристтик агенттик ачтым. Андан башка дагы бизнесим бар. Мен саякаттаганды жакшы көрөм. Андыктан, кардарлар менен бирге өзүм дагы өлкөнү кыдырып турам. Айрым жерлерди кайра-кайра барып көргөндөн тажабайм, кооздугуна суктанып бүтпөйм. Ар сапарымда кандайдыр бир жаңы жактарын ачам. Өткөндө досторумду Соң-Көлгө алып бардым. «Сенин эмне үчүн бул жерде жашап калганыңды эми түшүндүк» — дешти.
— Көп жыл Кытадай жашапсыз. Биздин тамак-аштар жактыбы?
— Жалпысынан жакшы десем болот. Өзгөчө эт — дүйнөдөгү мыкты эттерден.
— Өзүңүз Барселонада туулуп өскөн болсоңуз, деңиз азыктарын деле сагынсаңыз керек?
— Балыкты абдан сагынам. Кыргыздын улуттук тамагынан кымыздан башкасын жактырам.
— Бизнесмен катары Кыргызстан эмнеси менен кызыктуу?
— Албетте бул чакан өлкө. Бирок, Борбордук Азиянын жүрөгү. Андан тышкары, бул аймактагы жападан жалгыз демократиялык өлкө.
Бизнес үчүн төмөн салыгы, ишкердикке ыңгайлуу саясаты, валюталарды эркин алмаштыруу мүмкүнчүлүгү менен ыңгайлуу.
Албетте мектеп, оорукана жана жолдорду оңдоо керек.
— Кыргызстанда кайсы көрүнүш сизди таң калтырды, же көңүлүнүзгө тийди?
— Эң бир чоң маселе — бул жемкорлук. Анан бюрократия абдан көп.
— Бишкекте кайсы жайлар сизге өзгөчө жагат?
— Ала-Арчада болгонду жакшы көрөм. Кышты да жактырам. Азыр кышкы туризмди өнүктүрүү үчүн иштеп жатабыз.
— Бишкекте эмнени өзгөртмөксүз?
— Жолдорду. Мисалы, мен Жибек-Жолу көчөсүнүн ылдый жагында Тоголок Молдого жакын жерде жашайм. Күн ысык болгондо чаң, жамгыр жааганда суу толуп калат өтө албайсың.