Ымыркайын дааратканага таштаган аял табылды

16:21, 29 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Анастасия БЕНГАРД

Ымыркайын дааратканага таштаган аял табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы маалымдайт.

Фото
Маалыматка караганда, 1995-жылы Нарын облусунда туулган «Арча-Бешик» конушунун тургуну Б.Ж. кармалып, убактылуу камалды.

Эскерте кетсек, «Арча-Бешик» жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин дааратканасында жаңы төрөлгөн наристе 31-июлда табылган. Милиция эки ай бою ымыркайдын апасына издөө жүргүзгөн.