14:22, 29 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Бишкек-Ош жолундагы унаа кырсыгында бир адам мерт кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, Өзгөн районунда 29-сентябры түнү «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдо токтоп турган мамлекеттик «Вольво» оор жүк ташуучу унаасын сүзүп алган.
Кичи автобустун бир жүргүнчүсү каза болуп, айдоочу менен дагы бир жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.