Жети жыл ичинде 35 миң чет элдик Кыргызстандын жарандыгын алган

12:17, 29 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

2010-2017-жыл аралыгында 35 миң 110 адам Кыргызстандын жарандыгын алды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, жарандык алгандардын 90 пайызы Өзбекстан жана Тажикстандан келишкен. Калган 10 пайызы — Россия, Казакстан, Украина, Армения, Азербайжан, Грузия мамлекеттеринин тургундары. Алыскы чет өлкөлөрдөн көбүнчө Ооганстан, Иран, Ирак, Пакистан, Кытай жана Түркия мамлекеттеринен келишет.

2017-жылдын биринчи жарымында жарандык алуу үчүн 2 миң 315 арыз түшкөн.