Кыргыз-Кытай чек арасы бир жумага жабылат

11:40, 29 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Кыргыз-Кытай чек арасы 1-сентябрдан тарта 8-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирет. 

Кытай Элдик Республикасынын күнү майрамына байланыштуу «Торугарт» жана «Иркештам» чек ара бекеттери жабылат. 

Чек арадан 9-октябрдан тарта жүк жана жүргүнчүлөр өткөрүлүп баштайт.