09:03, 29 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Москвада набыт болгон кыргызстандыктын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.
Алардын айтымында, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 33 жаштагы Н.М.Ф. аттуу тургуну.
Элчилик учурда сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү аракетин көрүүдө.
Эскерте кетсек, 27-сентябрда Россиянын ордо кааласынын түштүк-батыш тарабында муунтуп өлтүрүлгөн мигранттын сөөгү табылган.