12:23
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Таза шайло үчүн!» жөө жүрүшүнүн ордуна митинг өтөт

Сот Жанар Акаевге жөө жүрүшкө чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу «24.kg» агентигине КСДП партиясынын мурдакы мүчөсү Ренат Самудинов билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Биринчи май райондук сотунун 20-октябрга чейин баардык жыйындарга тыюу салган чечимине таянып, жөө жүрүшкө уруксат берген жок.

«Таза шайлоо үчүн!» жүрүшүнүн уюштуруучулары эми митинг өткөрмөй болушту.

Митинг Алма-Ата жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги бакта ишемби күнү саат 10.00дө өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума