Ошто кичиавтобустан ыргып кеткен 5 жашар бала мерт кетти

14:25, 28 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Кара-Суу районунда 5 жашар бала катуу ылдамдыкта бара жаткан кичиавтобусдан ыргып кетип, дөңгөлүгүнүн астында мерт болду. Бул тууралуу облустук ИИБсынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-сентябрь күнү 2012-жылы туулган бала коңшусунун унаасына чыгып, эшикке жакын тургандыктан, эшик ачылып кетип, бала ыргып түшкөн. Айдоочу унааны токтотууга жетишкен эмес. Бала дөңгөлөк астында калат.

1991-жылы туулган айдоочу мас экендиги ырасталды. Тергөө башталды.