БШКга Сооронбай Жээнбековго даттанган үч арыз түштү

12:09, 28 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

«Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» Борбордук Шайлоо комиссиясына Сооронбай Жээнбековго каршы үч арыз жөнөттү.

Бейөкмөт уюмдун маалыматында, 20-сентябрда талапкердин Өзгөндөгү жолугушуусуна мектеп окуучулары дагы тартылган.

Ал эми 21-сентябрда Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматы Жээнбековдун үгүт авто кербени үчүн жолду жапкан

Үчүнчү арыз Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштай айылындагы № 5237 шайлоо тилкесинде Сооронбай Жээнбековдун № 65-шайлоо штабы дагы жайгашкан. Бул мыйзамга каршы келет.

Шайлоо 15-октябрда өтөт.