Мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 8 пайызга төмөндөйт

11:51, 28 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

2017-жылдын 1-октябрынан тарта мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 8% га төмөндөйт. Тийиштүү буйрукка КР премьер-министри Сапар Исаков кол койду деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Эске салсак, буга чейин мамлекеттик ипотекалык насыянын пайыздык чеги 10 % болчу.

Өкмөт башчы өнөктөш банктарга эл арасында бул багытта тушүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылды.