Мугалимдерден акча топтогон мектеп директоруна кылмыш иши козголду

10:45, 28 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Мугалимдерден акча топтогон мектеп директоруна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Маалыматта Ысык-Ата районунун мурдакы мектеп директору бухгалтер менен биргеликте мугалимдерден 500 сомдон топтогон. Директор топтолгон 21 миң сом мектепти текшерип келген аудиторлорго берилерин айткан.

Ата-энелердин оңдоого деп топтолгон акчанын бир бөлүгүн дагы директордун жеке чөнтөгүнө салынган.

Директорго 304 беренеси (кызмат абалына кыянаттык) менен иш козголду.