11:29, 27 сентября 2017, Бишкек - 24.kg , Юлия КОСТЕНКО
Кыргызстанда тарыхый артефакттарды коргогон мыйзам долбоору жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.
«Байлык — контрабандага кирбейт. Андыктан тарыхый мурастарды -жеке буюм катары алып чыгып кетип жатышат. Биздин 200 жылдын тарыхы бар таберик, дөөлөттөрүбүз сатылып алынып, чет өлкөгө кетип жатат. Көпчүлүгүн эми кайтарып ала албайбыз. Калгандарын мыйзам чегинде коргошубуз керек», — деди депутат.