15:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Аялды зордуктап үч күн кармагандар 5-13 жылга кесилди

Жалал-Абаддын Майлуу-Суу шаарында зордуктоо жүйөөсү менен айыпталган үч кишиге сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Жалал-Абад облустук сотунан билдиришти.

Айыпталуучу З.К. зордуктоо, адамды мыйзамсыз эркинен ажыратуу, башаламандык күнөөсү менен 13 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө камалды. Ушул эле беренелер менен соттолгон К.А.Ж. менен Т.К.М. сегиз жылга кесилди. Алар дагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө жазасын өтөйт.

Эскерте кетсек, бул үчөө аялды кармап, зордуктап, чачын кырып, үч күн бою кармаганы июнь айында белгилүү болгон.

Анда 18-майда Сузак районунун Көк-Таш айылынын 41 жаштагы тургунун ак түстөгү жеңил унаанын айдоочусу Кочкор-Ата шаарына жеткирип коюга макул болуп, бирок, айдоочу Майлуу-Суу шаарынан бурулуп, машинадагы шериктери менен кошо аялды тышка сүйрөп, көп кабаттуу үйдөгү батирге алып кирип, зордуктап, сабап, чачын кырып, ал жерде 25-майга чейин кармашкандыгы маалымдалган.

Аял бошогон күнү Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылган. Алган жаракаттарынан улам оорукананын хирургия бөлүмүнө жеткирилген.

ИИБсы шаардын 43 жаштагы З.К., Көк-Таш айылынын 22 жаштагы жана Бүргөндү айылынын 36-жаштагы К.А. аттуу тургундарын кармаган.

Сот өкүмү чыгаар алдында жабыркаган аял жоголуп кеткендиги жарыяланган.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби