Ош шаарындагы Т. Сатылганов атындагы парк 100 миллион сомго оңдолот

09:13, 27 сентября 2017, Бишкек - 24.kg

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы парк 100 миллион сомго оңдолот. Бул тууралуу «24.kg» агентигине Ош шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шүкүрали Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылга бюджеттен 20 миллион сом бөлүнгөн. Ага дааратканалар, жарык, суугат жолдору, жолу, олтургучтары оңдолот.

«Ар бир бөлүгүнө өзүнчө тендер жарыялайбыз. Мисалы, босогону жасоого 5 миллиондук тендер жарыяладык. Эмки жылы парктын 100 жылдыгы белгиленет. Ага чейин толук оңдолуп бүтөт», — деди ал.