08:39, 27 сентября 2017, Бишкек - 24.kg
Жогорку Кеңештин депутаты, «Бир Бол» саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу ал президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош областынын Ноокат районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.
«Мен дайым Сооронбай Жээнбековдун жумушун сындап келгем, ал сынды туура кабыл алган. Бирок бүгүн мен аны мактагым келип жатат. Анткени ал эң мыкты жөнөкөйлүк сапатына ээ. Ушул сапатынан улам жана эмгекчилдигинин аркасы менен ал президенттикке күчтүү талапкер катары жарышка келип жетти. Сооронбай Жээнбеков — атасынын татыктуу уулу. Жээнбековдор СССР кулагандан кийин дароо объекттерди менчиктештире баштап жана башка өз пайдасына иштерди жасаса болот эле — андай болгон жок. Сооронбай Жээнбеков көөп кетсе болот эле, андай кылбады. Артынан бир да жаман сөз ээрчиген жок, атасынын ысымын булгабады.
Бул шайлоодо кимди колдойбуз деп көпкө ойлондук, анан өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан кымбат койгон Сооронбай Жээнбековго токтодук.